2 порция

Толтурулган ак эт

 Ингредиенттер:

  • 2 тоок көкүрөгү (ак эт)
  • сүт
  • 1 чон кашык суу май
  • 1 пияз, 4бурч тууралган
  • 150гр козу карын, тууралган 
  • 4-5 сап шпинат, тууралган
  • туз
  • мурч
  • 1 чон кашык суу май

Соус үчүн:

  •  1 чай кашык ун
  •  суу же сүт 
  • туз
  • мурч

 

      Жасалышы:

1.    Тооктун ак этин жукартыш жана этти жумшартыш учун, эт тешилбегендей кылып жанчыныз. 

2. Бир идишке жанчылган ак этти коюунуз жана үстүн жапкандай кылып сүт куйгандан кийин холодильникке 1-2 саатка коюнуз. (Убакытыныз жок болсо сүтто күттүрбой деле койсо болот). Сүт эттин жумшак жана кургак болбошу үчүн жакшы.

3. Суу майды сковородкада ысытыныз жана пияз жумшарганга чейин бышырыныз. Шпинат менен козу карынды кошкондон кийин суусу кургаганга чейин бышырыныз. Тузу менен мурчту коюнуз, муздаганга чейин кутунуз.

4. Ак этти холодильниктен чыгаргандан кийин эттин устуно баткандай шпинат менен козу карынды коюунуз жана  кичине жыгачтар менен зиг-заг кылып тигиниз. Куурулуп жатканда тышка агып кетпегендей болсун. 

5. Бир идиште суу май ысыгандан кийин кичине отто шпинат толтурулган эттин эки тарабын дагы 10 муноттой куурунуз. 

6. Тоок бышкандан кийин ошол эле идишке (жуубаш керек) тооктун соусуна бираз ун кошунуз жана жарым стакандай суу же сут кошуп коюу, тегиз соус болгонго чейин кайнатыныз. Туз, мурч кошкондон кийин эттин устуно куюп дасторконго коюнуз.

Home     Архив    Күндөргө жараша архив    Дасторкон кооздоо     Пайдалуу кеңештер     Сизден келгендер     э-кат жибер    Линктер    Сайттын картасы    Türkçe